Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен Темир Сариевди куттуктады.
"Урматтуу Темир Аргембаевич, сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм!
Менин ишенимимде мындан ары карай кыргыз-орус стратегиялык шериктештигинин чыңдалышы, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка тармактагы кызматташууну активдештирүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграциялык өз ара натыйжалуу аракеттенишүүлөр узак мөөнөттүү өлкөлөр аралык кызыкчылыктарга толугу менен жооп берет. Сиз менен биргеликте конструктивдүү иш алып барууга жана күн тартибинин эки тараптуу кең чөйрөдөгү маселелерин талкуулоого даяр экенимди билдирем.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишиңизге ийгиликтерди каалайм",- деп айтылат куттуктоодо.
Темир Сариевди Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Беларустун өкмөт жетекчиси Андрей Кобяков, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов да куттукташты.