Экс-депутат Нурбек Мурашев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын бүгүн, 13-ноябрдагы жыйынында фракция мүчөлөрүнөн кечирим сурады. Мурашев мындан кийин туура эмес аракеттерге барбай турганын айтты. Фракция Эсептөө палатасына аудитордук кызматка Нурбек Мурашевдин талапкерлигин жактырды. Эл өкүлдөрү аны мамлекеттин акчасын уурдатпоого чакырып, ал жакшы иштеп берүүгө убада берди.
Эскерте кетсек, Мурашев ушул жылдын 3-сентябрында Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы жарыяланган.