Журналисттерди Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө жаңы эреже бекитилди

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңешке журналисттерди аккредиттөө маселесине арналган маалымат жыйыны өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Эшмамбетов жана анын орун басары Тажимамат Шаболотов катышты.

Эшмамбетов жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө жаңы эреже бекитилгенин айтты. Аппарат жетекчисинин айтымында, жаңы эреже анчалык деле кескин өзгөргөн жок. Мындан ары ар бир ЖМКга парламенттик кабарчылардын саны боюнча квота киргизилди.

Жыйын жүрүшүндө VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке журналисттер азырынча аккредиттеле электиги, ушу тапта аккредиттөө жоболору жүрүп жатканы, топтолгон документтер келерки аптадан тарта комиссия тарабынан каралары белгилүү болду. Аларга адаттан тыш деле талаптар коюлган жок. Азырынча бир дагы журналист аккредиттеле элек. "Айрым ЖМК өкүлдөрүнүн "парламент бизди аккредиттебей жатат" деген сындуу дооматтарына эч негиз жок",- деди ал.

Журналисттер Жогорку Кеңештин имаратындагы күзөтчүлөр дресс-коддун шылтоосу менен сырткы кийимдерге чейин чечиндирип текшерип, айрым түстөгү кийим менен киргизбей жатканына нааразылыгын айтышты.
"Кийимдин түсү менен таризине чектөө коюлган эмес, андай талап да жок. Жогорку Кеңештин имаратына киргизүү тартиби административдик имараттын өткөрмө режими жөнүндө жобо боюнча жүргүзүлөт. Анда жарандардын мамлекеттик органдын иш мүнөзүнө ылайык кийинип келүүсү каралган",- дейт Тажимамат Шаболотов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан