Өкмөт башчы Темир Сариев Франциянын премьер-министри Мануэль Вальска Париж шаарындагы террордук актыга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
"Париж шаарында кɵптөгөн тынч жарандардын өмүрүн алган 2015-жылдын 13-ноябрындагы террордук акт тууралуу кабарды абдан кайгыруу менен кабыл алдым",- деп айтылат Сариевдин кɵңүл айтуусунда.
Темир Сариев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.