Кыргыз футболчулары бүгүн, 17-ноябрда Иордания курамасын 1:0 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушту. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда өткөн оюн боюнча Иордания курамасынын машыктыруучусу Пол Пут ой бөлүштү.
"Бул беттеш күтүлгөндөй эле татаал болду. Кыргыз футболчуларынын катарында өтө таланттуу, мыкты оюнчулар бар экенин билебиз. Мындай командалар менен конокто ойногондо гол жаратууга мүмкүнчүлүк жаралса эле киргизиш керек болчу, бирок биз гол жарата алган жокпуз. Киргизилген гол боюнча оюмду айтсам, буга биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени 1 оюнчуну (ред. - Антон Землянухин) 2 коргоочу токтото алган жок".