Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн парламенттин орду жана анын иш-милдеттери тууралуу үч күндүк семинар өтүп жатат

20-ноябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн парламенттин орду жана анын иш-милдеттери жаатында үч күндүк багыттоочу семинар башталды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, аппарат кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бир катар эксперттер катышууда.

Багыттоочу семинарды Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бакыт Эсенбаева ачты. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов ааламдашуу доорунда чыныгы адистер, саясатчылар талап кылынарын, мындай багыт берүүчү семинар салтка айланып калганын айтып, мыйзам чыгаруу демилгеси, аларды кабыл алуу эрежелери качан, кантип башталганы боюнча дүйнөлүк парламентаризмдин тарых-таржымалынан кеп куруп берди.

Семинардын жүрүшүндө кыргыз парламентинин өнүгүү этаптары, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөө иш-милдеттери, Жогорку Кеңештин мамлекеттик бийлик институттары менен өз ара байланышы сындуу маселелер каралууда. Бул маселелерде депутаттар модераторлук кылып, парламентаризм жаатындагы эксперттердин баяндамалары талкууланууда.

Багытоочу семинар 22-ноябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан