Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Новопавловка айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Шаардыктар КНСтин бузулгандыгынан турак жайларды суу каптап жатканын белгилеп, канализациялык насостук станцияны (КНС) иштетүү маселесин чечип берүүнү суранышты.
Борбор калаанын башчысы Ленин административдик районунун муниципалдык башкармалыгына жана “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасына оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына кыска мөөнөттө тазалоочу курулмаларды куруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.
Андан соң шаар мэри таштанды таштоочу жайдын аймагына барып, экологияга терс таасирин тийгизип жаткандыктан тез арада жабууну тапшырды. Аталган аймакты таштандыдан тазалоо милдети коюлуп, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине айланма жолго чыгуучу таштанды таштоочу жай аркылуу жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.
"Айланма жол менен байланышты камсыз кылуу - керектүү инфраструктураны түзүү. Транспорт шаарга кирбей, айланма жол менен жүрүүчү жолду уюштургула", - деп айтты мэр.