Бүгүн, 21-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариев Нарын облусуна бир күндүк иш сапары менен кетти. Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушунда болуп, Нарын районунун Жан-Булак айылындагы жаңы бала бакчанын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын имаратынын абалы менен таанышып, чыгармачыл жамааты менен жолугат. Муну менен катар облустагы бир катар социалдык объекттерди кыдырып чыкмакчы.