Темир Сариев Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын имаратынын курулушу менен таанышты

21-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын имаратынын курулушу менен таанышты. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Сариев аталган объекттин курулушунун мааниси чоң экенин белгилеп, аны сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын билдирди. Темир Сариев оорукананын жылытуу системин борборлоштурган системге кошуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Оорукананын жетекчилиги курулушту каржылоого 15 миллион сомдук каражат жетпей жатканын билдирди. Сариев өкмɵт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак жай агенттигине Каржы министрлиги менен бирге сметалык долбоорду жана кошумча каражатты карап чыгууну тапшырды.

Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын неврология бɵлүмүнүн имаратынын курулушу 2012-жылы башталган. Курулуштун сметалык долбоору 61 миллион сом деп бааланган. Имаратты 1 ай ичинде ишке берүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан