Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды токтотуу боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыгат

20-ноябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук боюнча укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин, уюмдардын маалыматтары угулду.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев жер-жерлердеги шайлоочулар менен болгон жолугушууларда өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун токтобогондугу башкы маселе катары көтөрүлгөнүн маалымдады. Ошондуктан тараптардын сунуш-пикирлерин ортого салып, парламент тарабынан мыйзамдык жактан иш-аракеттерди көрүү максатында бул маселе фракция талкуусуна коюлганын белгиледи.

Алгач Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Адылбек Абдыраимов, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Жаңыл Жумабаева, “Балдарды коргоо лигасы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Назгүл Турумбекова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка мекемелердин өкүлдөрү бул жаатта жасап жаткан иш-аракеттери боюнча маалымат беришти.

Жыйын жүрүшүндө Турумбекова өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча маалыматтык кампания жаатында мамлекеттик стратегия жоктугун белгиледи. ИИМдин өкүлү: "Тиешелүү талдоолордон кийин мындай кылмыштарга биринчи кезекте үй-бүлөдө өгөй ата же өгөй эне маселеси, андан соң ички миграция, алкоголдук ичимдиктер себеп болгондугу аныкталды",- деди.

Депутат Зиядин Жамалдинов коомдогу мындай көйгөйдү жоюу үчүн аткаруу бийлиги жумуш орундары менен камсыз кылуу жагын колго алуусу керектигин, ошондой эле балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштырууну жана мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылды. Депутат Тынчтык Шайназаров ИИМ өкүлдөрү тарабынан белгиленген өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун санын көбөйтүүнү колдоого алды.

Жыйынтыгында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу, токтотуу жаатындагы тараптардын сунуш-пикирлерин кагаз жүзүндө топтоп, алардын негизинде фракция депутаты Шайназаров менен биргеликте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан