Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектептин абалы менен таанышып чыгып, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиевге жана "Нарын жылытуу" ишканасынын директору Улан Айтиевге үч күндүк мөөнөттө жылытуу маселесин чечүүнү тапшырды.
Окуу жайдын жетекчилиги маалымдагандай, аталган ишкана жылытуу тутумдарын оңдоодон өткөрүүдө, ага байланыштуу мектеп жылытылбай турат.
"Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот. Аталган маселе өз мөөнөтүндө аткарылбаган учурда ээлеген кызматка дал келүүңүздөр тууралуу маселе каралат. Буга катар шаар чиновниктерине эскертип койчу нерсе, бардык иштер кышында эмес, жай мезгилинде аткарылышы керек эле",- деди Сариев.