Өлкөдөн сыртка чыкчу кызматкерлердин иш сапардык күбөлүктөрүн тариздөө процедурасы жоюлат

Каржы министрлигинин буйругуна ылайык, министрликтин 2014-жылдын 27-ноябрындагы "Эсеп-чоттордун планын жана аны колдонуу боюнча колдонмону бекитүү тууралуу" буйругуна кыргыз өлкөсүнүн чегинен сырткары иш сапарларга чыгуучу кызматкерлерге иш сапардык күбөлүктөрдү тариздөө процедурасын жокко чыгаруу жаатында толуктоолор киргизилди.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, буйрукка 18-ноябрда кол коюлду. "Ички мамлекеттик иш сапарлар ички паспорт - ID-card (ага киргендиги-чыккандыгы тууралуу белгилер жана штамптар коюлбайт) менен ишке ашырылгандыктан, кызматкердин республиканын белгилүү бир аймагында болгондугун тастыктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында иш сапардык күбөлүктү тариздөө процедурасы сакталат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан