Коруктардын өзөк зонасы жалпы аймактын 50 пайыздан кем болбогон бөлүгү болуш керектиги сунушталууда

23-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында коруктардын өзөк зонасы жалпы аймактын 50 пайыздан кем болбогон бөлүгү түзүш керектиги сунушталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Комитеттин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, аракеттеги мыйзамда "ядролук зонаны коруктун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмес бөлүгү ээлеш керек" деп белгиленген. Иш жүзүндө иштеп жаткан мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана парктардын өзөк зонасы баарында эле 75 пайызды түзө бербейт. Буга мисал катары демилгечи Сары-Челек, Падыша-Ата, Нарын мамлекеттик коруктарын атады. Ошону менен катар бул коруктарда аймакташ жашаган эл менен корук жетекчилигинин ортосунда ар дайым пикир келишпестик келип чыгууда. Маселен, жергиликтүү элдин корук аймагындагы мөмө-жемиштерди терип, чөбүн чаап алышына мыйзам жол бербейт. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору менен иштеп жаткан мыйзамдагы Улуттук илимдер академиясынын корутундусу боюнча белгиленүүчү "мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 75 пайыздан кем болбошу керек" деген ченемди "50 пайыздан кем болбошу керек" деп өзгөртүү сунушталууда. Муну менен жергиликтүү элге 50 пайыздык өзөк зонадан сырткаркы аймактагы мөмө-жемиштерди терип, чөбүн чабууга уруксат берилмекчи.

Айрым тактоочу жагдайлардан кийин комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окуудан жактыруу чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан