Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 23-ноябрда өткөн жыйынында өкмөт демилгелеген "2011-жылдын 28-мартында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн, Бишкек шаарында Орусиянын Илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын иштөө шарттары жөнүндө кыргыз өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун максатын түшүндүргөн маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, Москва шаарындагы Кыргыз илим жана маданият үйүнүн максаты - илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалымат тармактарындагы эки жактуу кызматташтык программасын турмушка ашырууга көмөк көрсөтүү.
Эгерде талкуудагы ратификациялык мыйзам долбоору колдоого алынса, андагы 9-беренеге ылайык, тараптар жер тилкесин, имаратты ижарага берүү, кызматтык жана турак жай имараттарын таап берүү процессин ишке ашырат. Мындай демилгенин башында “Кыргыз биримдиги” аймактар аралык коомдук бирикмеси турат. Анын жетекчиси А.Шакировдун кайрылуусуна ылайык, мамлекет тарабынан жер тилке маселеси чечилсе, анда аталган бирикме өз каражатынын эсебинен Москва шаарындагы Кыргыз илим жана маданият үйүн курууну өз мойнуна алмакчы.