Өкмөттө 23-ноябрда Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепетин жоюу боюнча жыйын өттү. Премьер-министр Темир Сариев кырсык масштабдуу кесепеттерди алып келгенин, келтирилген чыгымды эсептөө иштери уланып жатканын билдирди.
“Кырсыктын кесепети масштабдуу болгону аныкталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынан куралган комиссиянын эсептөөсүнө ылайык, Ош облусунда жалпы 2941 үй текшерилди. Анын ичинен Ош облусу жана Ош шаары боюнча 11 үй толугу менен жараксыз абалга келип, 441 үй жана 19 социалдык мекеменин имараты 4-даражада зыянга учураган. Бул мекемелерди кайрадан куруу керек”,- деди премьер.
Кырсыктан жабыркаган айылдарда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев (сүрөттө) баштаган тиешелүү жетекчилер иштеп жатышканы айтылды.
Жыйынга түз байланыш аркылуу кошулган Аалы Карашев маалымат берип, учурда кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатканын жана андагы зыяндын көлөмүн эсептөө иштери дээрлик аяктап калганын кабарлады. Анын билдиришинче, кырсыктан жабыркагандардын баарына чатырлар жеткирилди. “Учурда бир да адам сыртта калган жок. Кошумча чатырлар бар”,- деди Аалы Карашев.
Жыйында өкмөт жетекчиси Мамлекеттик каттоо кызматына кырсыктан жапа чеккендердин үйлөрүн мыйзамдаштыруу иштерин тездетүү жана Кара-Суу районундагы 48, Алай районундагы 37 үйдүн документин акысыз бүтүрүү, калгандарына 50 пайыздык жеңилдик кароону тапшырды. Банктардан насыя алган жарандар үчүн насыя мөөнөтүн узартуу иштерин бүтүрүү тапшырмасы да берилди.
Сариев жабырлануучуларды мобилдүү үйлөр менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.