Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты өлкө аймагындагы травматикалык куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат. "Курал сатылып алынгандан кийин аны аттырып, гильзасын сактап коёбуз. Эгерде кылмыш болсо, анын гильзасын таап, ал кайсы куралдан атылганын аныктап алабыз",- деди Асанов. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп беришти.