Депутаттар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунушташты

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында депутат Улан Примов Ош облусундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады. Депутат Ош облусунун аймагында 24-ноябрда да жер силкинүү болгонун эске салып, өкмөттүн маалымат берүү убактысы келгенин айтты.

"Жапа чеккендерге мүмкүн болушунча жардамдар берилип, өкмөт жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу аракетин көрүп жатат. Бирок өкмөт парламентке келип маалымат берип коюшу керек. Кечээ да жер силкинүү болду. Ошон үчүн маселени күн тартибине киргизип, өкмөт мүчөлөрүн чакыралы",- деди Примов.

Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт башчы Темир Сариев эртең парламентке келе турганын айтып, депутаттын бул сунушун эртеңки жыйындын кароосуна киргизүү керектигин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан