Кожобек Рыспаев акчалуу депутаттарга: "Өз каражатыңарга иштеткен жардамчы менен айдоочуңарды Ак үйдөн көрбөйүн"

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында парламенттин чыгымдарын кыскартуу боюнча комиссиянын иш жыйынтыгы каралып жатканда депутат Кожобек Рыспаев депутаттарга кайрылып: "Өз каражатыңарга иштеткен жардамчы менен айдоочуңарды Ак үйдөн көрбөйүн",- деп айтты. Анын билдиришинче, айрым депутаттар өз каражатынан жардамчы жана айдоочу алууну сунушташууда.

"Комиссиянын жыйынында айрым депутаттар "Акчаң болсо, эмнеге контракт менен жардамчы алууга болбосун?" дешти. Баарына бирдей шарт болуусу үчүн эч ким кошумча жардамчы албашы керек. Контракт менен иштеп жаткан жардамчыңар менен айдоочуңарды Ак үйгө киргизбегиле, бул жерден көрбөйүн",- деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан