Темир Сариев "өлкөдөгү 80ге жакын улуттун өкүлдөрүнүн баарына бирдей шарт түзүлгөн" деди

Бүгүн, 25-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алды. Сариев өлкөдөгү этностор аралык мамилеге токтолуп: “Кыргыз мамлекетинде 80ге жакын улуттун өкүлдөрү жашап, алардын баарына бирдей шарт түзүлгөн. Ар бир жаран мамлекеттик органдарда иштөөгө укук алган. Мамлекет тынчтыкты, ар бир адамдын укугун жана эркиндигин толук камсыз кылуу үчүн бардык аракетти көрүп жатат”,- деп билдирди. Ал эми Торс: “Кыргыз өлкөсүндө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, улуттук азчылыктардын укугун коргоо жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча кызматташууну улантууга даярбыз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан