Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов коопсуздук маселесине токтолду. Депутат өкмөткө кайрылып, Кыргыз Республикасынан Сирияга согуштук аракеттерге катышууга кеткен адамдарды өлкөнүн жарандыгынан чыгаруу керектигин тапшырды. "Укук коргоо органдарында Сирияга кыргыз жеринен канча адам жана кимдер кеткени боюнча тизме бар. Ошондуктан аларды "Качан кайтып келет?" деп күтпөй, алардын жарандыгын алып салуу керек",- деди Икрамов.