7-8 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7 миллионго жетет

7-8 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7 миллионго жетет. Муну бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Өкмөт башчы жыл сайын өлкө калкынын саны орточо эсеп менен 120 миңге көбөйүп турарын белгиледи.
"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жыл сайын 161 миңдей ымыркай төрөлөт экен. Ал эми 35 миңдей жаран каза болсо, 7 миңдей жаран өлкөдөн чыгып кетет. Демек, элибиздин саны орточо эсеп менен жылына 120 миңге көбөйүп турат. Мунун натыйжасында өлкө калкынын саны 7-8 жылдын ичинде 7 миллионго жетет",
- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан