LG G4 сериясындагы жаңы инновациялык смартфондорду сунуштайт

G4 Mini, G4 Stylus жана G4 смартфондору LG G4төн алган инновациялык функциялары, баасы, колдонуудагы ыңгайлуулугу жана 4GLTE төртүнчү муун тармагында ыкчам иштегендиги менен кызыктырат.

LG G4 Mini G4 сериясындагы мурунку смартфондордун укмуш дизайнын алды, бирок корпусу мурункулардан кыйла жыйнактуу. Смартфондун арткы тарабындагы уникалдуу текстура жана жылмакай дизайн жагымдуу колдонууга ылайыкташкан. Кол менен түзүмдөштүрүү режими менен 8 мегапикселдүү камера - бул типтеги смартфондордун уникалдуу мүнөздөмөсү. Актык балансы, ISO жана камера затворунун ылдамдыгы бул функциялардын баары жарыктын аз экенине карабай сизге сапаттуу сүрөт тартууга жардам берет.

G4 Mini менен бирге селфи жасоо - жалаң гана рахат. Фронталдуу 5 мегапикселдүү камерада 4 жолу тартуу сериясында сүрөттөргө ээ болуу үчүн объективдин алдындагы ладонду эки жолу басуу жетиштүү, сапаттуу селфи даяр! G4 Mini смартфонунун 5,2 дюймдуу дисплейи Full HD сапатындагы сүрөттүн ар бир деталынан рахат алууга жол ачат. True IPS технологиясы боюнча жасалган смартфондун дисплейи түстөрдү так жана реалдуу берүү менен кескин тунук сүрөттөрдү тартуулайт.

G4 Mini смартфонунун техникалык мүнөздөмөсү:

Процессор: 64 разряддуу, 8 ядролуу 1,5 ГГц QualcommSnapdragon 615

Дисплей: жеңил башкарылуучу, 5.2 дюймдуу True IPS Full HD (1920x1080)

Камера: негизги 8.0 МП - фронталдуу 5.0 МП, лазердүү автофокус жана түстүү спектрдеги көрсөткүчү менен

Аккумулятор: 2,300 мАч, чыгарып алуучу

Эс тутум: 1,5Гб/8Гб/microSD

Операциялык систем: Android™ Lollipop

Өлчөм: 142.7 x 72.6 x 9.85 мм

Түс: ак, алтын түстүү, күмүш түстүү

G4 Stylus In-CellTouch технологиясында 5.7 дюймдуу HDIPS дисплейи менен жабдылган. Башкаруудагы ыкчамдыкты жана күн тийип турган учурда сүрөттөрдү жогорку сапатта көрсөтүүнү кепилдендирет. Стилус Rubberdium™ QuickMemo+ функциясынын жардамы менен чоң дисплейде сүрөттөрдү жана белгилерди жеңил жасоого мүмкүндүк берет. LGG4 Stylus смартфонунун 13 мегапикселдүү негизги камерасы жана фронталдуу 5 мегапикселдүү камерасы сүрөттөрдүн жогорку сапатын камсыздайт. Ыкчам лазердүү автофокустун артыкчылыгы менен күңүрт жерде да сүрөттөр тунук тартылат.

LGG4 Stylus Android™ 5.0 (Lollipop) операциялык системинин жаңы версиясында иштейт жана кубаттуу 4 ядролуу 1,2 ГГц процессору менен жабдылган. Бул көп функциялуу режимде да эффективдүү иштөөнү кепилдендирет.

LGG4 Stylus смартфонунун техникалык мүнөздөмөсү:

Процессор: 4 ядролуу 1,2 ГГц QualcommSnapdragon 410

Дисплей: 5.7 дюймдуу True IPS HD (1280x720) 258ppi In-Cell Touch

Камера: негизги 13МП - фронталдуу 5МП

Аккумулятор: 3,000 мАч, чыгарып алуучу

Эс тутум: 1Гб RAM / 8Гб ROM/microSD

Операциялык систем: Android™ 5.0.2 Lollipop

Өлчөм: 154.3 x2 x 9.6 мм, 163 г

Түс: титан

LGG4 C - G4 смартфонунун кол жетерлик баадагы жөнөкөйлөтүлгөн варианты. 5 дюймдуу HD дисплейинин сенсордук көрсөткүчтөрүнүн интеграциясы жана кошумча катмарлардын алынышы менен коргоочу айнек жана экрандын ортосундагы аралык азайды. Мындан улам сүрөттөр сиздин колуңузда жаткандай таасир калтырат. Эң башкысы - сүрөттүн сапаты жогорулайт.

LGG4 C смартфонунун техникалык мүнөздөмөсү:

Процессор: 64 разряддуу, 4 ядролуу 1.3Ггц Qualcomm® Snapdragon 410

Дисплей: жеңил башкарылуучу 5.7 дюймдуу True IPS HD (1280x720) In-CellTouch

Камера: негизги 8МП - фронталдуу 5МП

Аккумулятор: 2,540 мАч, чыгарып алуучу

Оперативдүү ички эс тутум: 1Гб/8Гб + microSD

Операциялык систем: Android™ 5.0.2Lollipop

Өлчөм: 139.7 x 69.8 x 10.2 мм

Түс: алтын түстүү, күмүш түстүү

Жаңы инновациялык LG смартфондорун «Планета GSM» дүкөнүнөн сатып ала аласыз. Сунушталган баасы: G4 MiniLTE– 19 900 сом, G4 Stylus - 18 900 сом, G4 C – 11 900 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sandrana
2015-11-30 11:26:06
Урматтуу Супер бул телефондорду кайдан алсак болот Ош шаарында да барбы азыркы учурда?Болсо кайсы магазинде адресин билсек болобу?
0
shailoo2015
2015-11-30 11:45:14
Sandrana,ЕВРАСЕТке бар тууганым болбосо Ошко келелек болот
0
Sandrana
2015-11-30 14:14:12
shailoo2015,Тушунуктуурак жазып койчу жолкренди беремин ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан