Руслан Казакбаев: "КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда 2 миңдей келишим бар. Тилекке каршы, баары эле ишке ашкан жок"

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 30-ноябрдагы отурумунда депутат Руслан Казакбаев эл аралык келишимдердин абалына токтолду. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда учурда 2 миңдей келишим бар экенин айткан депутат ал келишимдердин көпчүлүгү толук кандуу иштебей жатканын белгиледи.

"2009-жылы мен атайын кызматташуу боюнча стандарттык келишим түзүп, аны Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөргө таратууну сунуштаган болчумун. Ал ишке ашпай калган. Стандарттык келишим болбогондуктан, улам эле келишимдерге кол коё беребиз же ал ишке ашпайт",- деди Казакбаев. Депутат бул сунушту өкмөттүн карап чыгуусу үчүн экономика министри Арзыбек Кожошевге тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан