Кечээ, 29-ноябрда Бельгиянын баш калаасы Брюссель шаарында Европа биримдиги менен Түркиянын жетекчилигинин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өттү. Жыйынтыгында бир катар маанилүү келишимдер каралганын белгилеген Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск: "Биз, Европа биримдиги, миграцияны башкаруу жана анын агымын азайтуу үчүн Түркиядагы жана ал аймактагы качкындарга жардамыбызды күчөтөбүз",- деп билдирди.
Түркиянын премьер-министри Ахмед Давудоглу: "Бул тарыхый жолугушуу болду, анткени 11 жылдан бери Евробиримдик менен Түркиянын ортосунда мындай деңгээлдеги сүйлөшүүлөр боло элек болчу",- деди.
Жыйынтыгында Евробиримдик Түркиядагы 2,2 миллион сириялык качкынга байланыштуу жардам катары 3 миллиард евро берери, 2016-жылдын октябрынан тарта түркиялык жарандардын Евробиримдиктин аймагына визасыз кирүүсү боюнча алгачкы кадамдар жасалганы маалымдалды.