Баалуу кагаздар рыногуна каржылоонун ислам принциптерин киргизүү сунушталууда

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каржылоонун ислам принциптерин киргизүүгө багытталган “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, ислам баалуу кагаздарынын тастыктама түрлөрү киргизилип жатат.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун айтымында, ислам каржы компаниялары үстөк пайыз албайт, киреше үлүшүнө тең катышуу аркылуу гана пайда табат. “Алар каржыланган долбоорго жана аны башкарууга чогуу катышып, жоопкерчиликти да кошо тартышат. Долбоорлорду ишке ашыруу жүрүмүнө өкмөт тараптан жаңыдан түзүлө турган Шарият кеңеши аркылуу көзөмөл кылынат. Эгер бул аспап мыйзамга киргизилсе, чет элдик инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйөт”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан