Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралууда. Мыйзам долбоору чакан жана орто ишканалардын отчётун ай сайын эмес, үч айда бир жолу тапшыруусуна макулдук берүүгө багытталган.
Демилгеге социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев каршы чыкты. Анын билдиришинче, бул демилгени ишке ашыруу азырынча эрте. "Бул демилгени азыр эмес, келечекте ишке киргизсек туура болот. Себеби төлөмдөр ай сайын жүргүзүлбөсө, Социалдык фонд оорчулукка учурайт. "Резервдик фонддон убактылуу алып турса болот" деп жатасыздар, бирок резервдеги акча үч айга эмес, бир айга жетпейт",- деди Абылгазиев.