Билим берүү мекемелерин жетектегендерди 65 жашка чыкканда кызматтан алуу сунушталууда

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.

Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадикановдун билдиришинче, мындай демилге жаштарга жетекчилик кызматтардан орун берүү үчүн сунушталып жатат. "65 жаштан өткөндөн кийин жетекчилик кызматта эмес, андан кийинки кызматтарда иштешсе болот, ага каршылык жок",- деди Шадиканов. Мыйзам долбоору комитет мүчөлөрүнүн кызуу талкуусуна алынып, депутаттар мыйзам долбооруна карама-каршы пикирлерин айтышты. Депутат Жанар Акаев тажрыйбасы жок жаштарды жетекчи кылгандын ордуна, улгайган болсо да тажрыйбалуу адамды жетекчи кылуу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан