Араван районундагы орто мектептин курулушунун кечиктирилиши иликтенет

Премьер-министр Темир Сариев 30-ноябрда Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышуу учурунда курулушту кечиктиргендердин жоопкерчилиги караларын айтты.

Араван районундагы 500дөн ашуун бала билим алып жаткан Т.Бекенов атындагы мектеп 17-ноябрдагы жер титирөөнүн кесепетинен зыянга учураган. Окуу жай 1987-жылы курулуп, андан бери оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Өкмөт башчы бул мектепти 2016-жылкы “капиталдык салым” эсебинен курулчу объектилердин катарына киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим калктын саны жылдан-жылга көбөйүп, ал эми мектептеги орундар жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле премьер-министр Темир Сариев өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин ишин сынга алып, Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылдык мектебинин курулуш мөөнөтү сакталбагандыгын айтты.

Мурда маалымдалгандай, бир нече жер титирөөдөн кийин бул окуу жай авариялык абалда деп таанылган жана балдар чатырларда билим ала баштаган. Учурда окуучулар окууга ыңгайлаштырылган үйлөрдө билим алышууда. Темир Сариевге маалымдалгандай, курулуш подрядчиктерине байланышкан көйгөйлөргө байланыштуу соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында курулуш иши создугуп кеткен. Учурда имараттын биринчи кабаты гана салынып жатат. Долбоордук планга ылайык, эки кабаттуу окуу жай 300 орунга ылайыкталган, ал үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре ишке берилиши керек эле, бирок белгиленген мөөнөткө карата курулуш бүткөрүлбөй калышы ыктымал.

«Кызматтык иликтөө жүргүзүп, кайсы себепке байланыштуу иш өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөгөндүгүн аныктоо жана күнөөлүүлөрдү мыйзам иретинде жоопко тартуу зарыл. Курулуш үчүн акча каражаты толук бөлүнгөн, бирок мектеп али бүтпөй турат. Балдар чатырларда билим алышууда. Мындай нерсеге жол берилбеши керек»,- деди премьер-министр Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан