Тармактык комитет чакан жана орто ишкерлердин квартал сайын отчёт берүүсүн сунуштаган мыйзам долбоорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланып, бул демилгенин азырынча эртелик кылары белгиленди. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары тарабынан иштелип чыккан аталган мыйзам долбоорунда чакан бизнестин субъектилери менен коммерциялык эмес уюмдар үчүн салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчёт берүүнү мурдагыдай бир айдын жыйынтыгы менен эмес, ар бир кварталдын жыйынтыгы менен тапшыруу жагы сунушталууда. Бул тууралуу баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев түшүндүрмө берди.

Бирок депутат Наталья Никитенко ансыз да экономикалык каатчылык араанын ачып турганда бул мыйзамды кабыл алуу менен хаоско (чар жайыттыкка) орун берилип калышы ыктымал деген көз карашын ортого салды.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз ошол чакан жана орто ишкер чөйрөлөрдөн бюджетке каражаттар өз убагында келип түшпөй калса, салына турган айып өлчөмдөрү менен үстөк туумдарынын эсеби кандай болорун тактады. Бул суроого жооп берген КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, эгерде эсептөөлөр убагында аткарылбаса, салына турган 5 миң сомдук айыптар ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү үчүн арзыбаган нерсеге турат.

Жыйынтыгында комитет чакан жана орто ишкерлердин квартал сайын отчёт берүүсүн сунуштаган мыйзам долбоорун колдогон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан