Бишкек мэри Беларустан чыгарылган жүргүнчү ташуучу МАЗ-206085 үлгүсүндөгү автобус менен таанышты. Иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Геннадий Милицкий, Шаардык транспорт башкармалыгынын өкүлдөрү, Минск шаарынан келген өкүлдөр катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, автобус беларустук "МАЗ" ишканасынан чыгарылган. Мэрия менен аталган ишкананын ортосунда келишим түзүлүп калса, жаңы автобустар жүргүнчү ташуучуларга узак мөөнөттүү ижарага берилмекчи. Ошол себептүү бул күнү шаардагы негизги жүргүнчү ташуучулар чакырылган.
МАЗ-206085 автобусунда 25 орундук бар. Жалпысынан 72 жүргүнчүнү батыра алат. Бир автобустун баасы 80 миң долларды түзөрү маалым болду.