Сотторду тандоо кеңеши мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Чүй облусунун Сокулук, Панфилов, Жайыл, Москва, Аламүдүн райондук жана Токмок шаардык сотунун судьялыгына талапкерлерди дайындоо сунушу киргизилген. Мамлекет башчы алардын айрымдары менен 24-25-ноябрда баарлашып, алгачкы 15 талапкер боюнча Сотторду тандоо кеңешинин сунушуна макулдук берди жана аларды кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарды. Жергиликтүү соттордун судьясы кызматына киришкендер:
Сокулук райондук сотунун судьялыгына: Сулайка Кангелдиева, Кубанычбек Самудинов.
Панфилов райондук сотунун судьялыгына: Айгүл Керимкулова, Тилек Тагаев.
Токмок шаардык сотунун судьялыгына: Канатбек Абдрахманов, Данияр Астаркулов, Жаныбек Монолбаев.
Жайыл райондук сотунун судьялыгына: Наргиза Кувандыкова.
Москва райондук сотунун судьялыгына: Жыпар Абдиева, Нурлан Аджибеков.
Аламүдүн райондук сотунун судьялыгына: Кылыч Байсов, Бакыт Касымалиев, Зульфия Сагитова, Жаныбек Сагыналиев.
Свердлов райондук сотунун судьялыгына: Рустам Саткынбаев.
Президенттин башка буйругу менен Сокулук, Панфилов, Жайыл райондук сотторунун жана Токмок шаардык сотунун 12 судьясы кызматтан бошотулушту.