Тармактык комитет жүк ташыган унаалардан салыктык төлөмдү талап кылуу үчүн Салык кызматына укук берүүчү мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине кайтарды

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 1-декабрдагы жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КРнын Салык кодексине)" КРнын мыйзамынын долбоору 3-окууда каралды. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин билдиришинче, учурда 23 миң физикалык жак жүк ташуу жана жүргүнчү ташуу кызматын көрсөтүп келет. Бирок анын 14 пайызы гана салык төлөшүүдө. "Салык кызматкерлерине унааларды токтотуп, төлөмдөрдү сураганга укук беришибиз керек",- деди Кожошев.

Депутаттар талкуудан соң маселени кайра карап чыгуу үчүн 2-окуунун режимине кайтарышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан