Алмазбек Атамбаев Парижде теракттан каза болгондорду эскерди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-декабрда Франциядагы иш сапарынын алкагында Париждеги теракттын курмандыктарын эскерди. Өлкө жетекчиси шаардын Республика аянтындагы монументке гүл койгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террористтер өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өзүнө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан