Асылбек Жээнбеков Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-декабрда Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алды. Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи Президентинин күнү менен куттуктап, Нурсултан Назарбаевдин жетекчилиги астындагы экономикалык жана коомдук-саясий кайра куруу иштеринде Казакстандын орчундуу жетишкендиктерин белгиледи.

Кыргыз-казак байланыштарына токтолгон Жээнбеков Кыргыз Республикасы Казакстан менен достук жана ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты. Ал бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди. “Ар түрдүү форматта жүргүзүлгөн жолугушуулар эки мамлекеттин кызматташуусунун күн тартибиндеги маселелерди чечүүгө өбөлгө болот”,- деди төрага.

Жогорку Кеңештин төрагасы Жээнбеков 2015-жылдын июнь айында кыргыз өлкөсү менен Казакстандын парламент спикерлеринин деңгээлинде түзүлгөн Парламенттер аралык кеңештин маанисин баса белгилеп, анын натыйжалуулугуна бекем ишене турганын айтты. Ал казак тарапка Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу маселесине көмөк көрсөткөндүгү жана бул уюмга кирүүдөгү айрым кыйынчылыктарды жумшартууга багытталган иш-чаралардын алкагында каржылык жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоо демократиялуу жана уюшкандыкта өткөндүгүн билдирди. “Парламенттин жаңы курамы жаңы маселелерди чечиши зарыл. Бул ЕАЭБге да тиешелүү. ЕАЭБдин алкагында ага мүчө мамлекеттер жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алышууда. Ар бир өлкө, анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы артыкчылыктарга ээ. Казакстан башынан эле бул багытта кыргыз өлкөсүнө тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген”, - дейт элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан