Билим берүү жана илим министринин орун басары Адилет Бекбоев кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурмамат Эсенкулов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун 1-декабрда аталган мекемеден билдиришти. Эсенкулов буга чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде проректор болуп иштеген.

Ал эми өкмөт башчынын башка буйругу менен Адилет Бекбоев министрдин орун басарлыгынан бошотулуп, өкмөттүк аппараттын Билим, маданият жана спорт бөлүмүнө башчы болуп дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан