Премьер-министр өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту күчөтүү жана эпизоотикалык абалды оңдоо боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды.

Жумаканов: "Жер-жерлердеги ветеринардык кызматкерлердин адистик деңгээлин көтөрүү менен алардын ишин жөнгө салуучу Ветеринардык палата түзүүнү демилгелеп жатабыз",- деди. Аны менен катар эле тамак-аш коопсуздугун сактоого көзөмөл күчөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Премьер-министр өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту күчөтүү жана эпизоотикалык абалды оңдоо боюнча чаралар керек экенин белгилеп, аны кыска убакытта ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.

Темир Сариев бул алдыга коюлган пландарды кыска аралыкта жана сапаттуу ишке ашыруу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан