1-декабрда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасын каржылоого багытталган макулдашуу долбоору жактырылды.
Аталган долбоор Бишкек шаарында 2015-жылдын 31-июлунда кол коюлган “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен инвестициялык насыя берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда кол коюлган.
Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилсе, андан бери толук реабилитациялоодон өтө элек. Токтогул ГЭСинин агрегаттарынын техникалык абалын текшерүү жана эксперттик баалоо иштерин өткөрүү 3 фазадан турары аныкталган. Учурда 1-фазанын алкагында агрегаттар менен ортомолорду алмаштыруу, гидравликалык курулмаларды суу алдында издөө иштери жүрүүдө. Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун 2-фазасы долбоорун каржылоонун жалпы суммасы 250 миллион доллар. Насыянын мөөнөтү – 20 жыл.
Жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчётун угуп, аны эске алуу чечимине келишти.
Мындан тышкары "Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүү-толуктоолорду 3-окууда жактырды.