Депутаттар бүгүн, 2-декабрдагы жалпы жыйында Жогорку Кеңештин декабрь айындагы ишинин календарлык планын бекитишти. Төрага Асылбек Жээнбеков календарлык план боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун белгилеп, депутаттарга негиз катары кабыл алып берүүнү сунуш кылды. Анда белгилүү болгондой, 2014-2015-жылдардагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчёту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын бекитүү маселеси каралат.