“Учак окуясына” байланыштуу Орусия Түркияга каршы атайын экономикалык чараларды көрүү чечимин кабыл алды. Орусия тарап түрк жарандарын жумушка албоо, визасыз режимди жокко чыгаруу, түрк товарларын киргизбөө, учак каттамдарын чектөө, Орусиядагы түрк ишканаларынын ишмердүүлүгүн чектөө чечимин кабыл алды. Түркия болсо буга “чыдамкайлыгын көрсөтүп, эмоцияга алдырбай турганын” билдирди.
Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара эч кандай жооп кайтарбай турганын, кайрадан алака түзүү аракетин көрө турганын билдирди.
Ал эми Түркиянын маданият жана туризм министри Махир Унал энергетика жана туризм бул эки өлкөнүн ортосундагы негизги байланышты камсыздап келгенине токтолот. “Жылына Орусиядан биздин мамлекетке 4,5 миллион турист келет. Биз орусиялык туристтердин коопсуздугуна кепилдик беребиз жана мурункудай саякатка, эс алууга келүүнү сунуштайбыз”,- дейт М.Унал.