Жогорку Кеңеште “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдөгү аксакалдар соттору тарабынан 2015-жылы 7917 иш каралып чыкканын айтты.
Депутат Кожобек Рыспаев аксакалдар соттору тарабынан каралган иштердин эсебинен бюджетке канча каражат түшкөнүнө кызыкты. Баяндамачы канча каражат түшкөнү боюнча маалыматы жок экенин билдирди. "Алар эмне ишти карап, кимге канча айып салды, бюджетке канча каражат түшүрүшкөнү маанилүү болчу. Даярданып келбейсизби?"- деди депутат Рыспаев.