"Ишкерлерди колдоо үчүн текшерүүнү бир жылда бир эле жүргүзүү керек",- деди депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште ишкердикти колдоого багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда карап жатканда. Анын билдиришинче, текшерүүчү органдардын санын да кыскартуу керек.
"Бир салык төкчү жакты 13 мамлекеттик орган текшерүүгө алса, ар бири бир айдан текшергенде эле ишкерге каражат тапканга убакыт калбай жатат. Ошондуктан текшерүүчү органдын санын эки эсеге кыскартып, анын баары биригип текшерүүнү бир жылда бир эле жүргүзгүдөй кылыш керек. Антпесе ишкерге шарт түзүлбөйт. Мисалы, Азербайжанда ишкерлерге текшерүү жүргүзүүнү 2 жылга алып салган экен, ишкердиктин кирешеси 47 пайызга өсүптүр. Ошондуктан биз кайра текшерүүгө алууга укук берген норманы да алып салышыбыз керек",- деди Жапаров.