Вице-премьер Панкратов баштаган делегация Евразиялык экономикалык комиссиянын Москвада өтүп жаткан жыйынына катышууда

Бүгүн, 2-декабрда Орусиянын Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага кыргыз өлкөсүнүн атынан вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектеп барган делегация катышууда. Жыйында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин ишине жана ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерге байланышкан 35 маселе каралып жатканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Кыргыз мамлекетинен барган делегация 35 маселе боюнча талкууга катышып, өзүнүн сунуштарын берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан