Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын башкы прокуратураларынын кызматташуусу И.Жолдубаеванын аталган өлкөгө болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүлдү. 29-ноябрдан 1-декабрга чейин Дүйшөмбү шаарында Индира Жолдубаева Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон менен жолугушту.
Анда кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү, кылмыш иштери боюнча укуктук жактан жардам берүү, эркинен ажыратылган жактардын мөөнөтүн өтөөсү боюнча аларды өткөрүп берүү маселелери каралды. Кылмыштуулук менен күрөшүү, чек ара аймагындагы мыйзам бузуулар боюнча эл аралык келишимдерге ылайык биргелешип иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулду.