Кыргыз жеринен Түркияга экспорттолгон төө буурчакты Орусия өткөрбөй жатат

"Кыргыз Республикасынан Түркияга экспорттолгон төө буурчактарды Орусия өткөрбөй, ишкерлер төө буурчакты Азербайжан аркылуу алып өтүүгө аргасыз болушууда",- деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында. Анын кесепетинен төө буурчак ташыган тараптар эки эсе чыгымга учурап жатышканын айтты. "Өкмөт башчы Темир Сариев эл менен жолугушканда төө буурчактын баасын көтөрүү тапшырмасын берген эле. Тилекке каршы, баа кайра кескин төмөндөп, 1 килограмм төө буурчактын баасы 33 сомго түшүп калды. Буга эл нааразы болууда. Өкмөт ушул маселени кайра карап чыгышы керек",- деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан