Максат Сабиров "айылдардын башкы планы жок, курулуштар баш аламан түшүүдө" дейт

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусунда айланма жолду оңдоо планы иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, жолдун Балыкчы – Тамга – Корумду бөлүгүн куруу иштери боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы да чыкты. "Аймактагы айыл өкмөттөрүнүн чек арасы так болбогондуктан, алардын ортосунда талаш-тартыштар көп. Муну азыртадан чечип алуу керек, ансыз мындай талаштар басылбайт",- дейт депутат.

Сабиров айылдардын башкы планын түзүү зарылдыгын кошумчалады. "Азыркыга чейин айылдардын башкы планы жок. Курулуштар баш аламан түшүүдө. Муну тезинен колго алуу зарыл. Кан жолдор айылдардын өнүгүү планына ылайык курулса, алар ырааттуу өнүгө баштайт",- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан