Талант Мамытов доллардын курсунун өсүп жатканы боюнча өкмөттүн түшүндүрмө берүүсүн талап кылды

"Доллардын курсу өсүп жатат, бирок өкмөт жана тиешелүү органдар тарабынан эч кандай түшүндүрмө берилген жок. Эртең эмне болот?"- деген тынчсыздануусун депутат Талант Мамытов бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Депутат айыл чарба техникаларын насыяга алган дыйкандардын абалына токтолду. "Ишкерлер, фермерлер айыл чарба техникаларын насыяга алышкан. Доллар өсүп жатса, алардын төлөмдөрү эмне болот? Ошондуктан өкмөттү парламентке чакырып маалымат алып, талкууга алышыбыз керек",- деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан