Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата индексациялоо маселесин көтөрдү.
Депутат азыркы кырдаалды эске алуу менен майып балдарга жөлөк пулдарды көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал өзгөчө майып балдарын баккан энелерге маяна берүү, андан ары пенсия алууга шарт түзүү маселесин козгоду. "Буга өкмөт өзгөчө көңүл буруусу кажет, ошол эле маалда парламент дагы өз көзөмөлүнө алышы керек",- дейт депутат.