Премьер-министр Темир Сариев 2-декабрда Кыргыз-орус ишкердик кеңешинин төрагасы Иван Поляков баштаган делегация менен жолугушту. Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин ата мекендик ишкерлердин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө, мунун ичинде Орусиянын аймагында бизнесин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Аталган кеңеш биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз-орус ишкерлеринин байланышын бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
Поляков орусиялык тарап айыл чарба азыктарын кайра иштетүүдөгү кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн, 3-декабрда Кыргыз-орус өкмөттөрү аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 18-жыйыны өттү. Жыйында мунай-газ, өнөр жай, транспорт, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, бажы иши жана башка тармактар боюнча кызматташтык маселеси талкууланды.