Рыскелди Момбеков: "Экстремизм өзүнүн туу чокусуна жетип турганда, депутаттардын жардамчыларын талкуулабай, улуттук коопсуздук маселесин талкуулашыбыз керек"

"Экстремизм өзүнүн туу чокусуна жетип турганда, депутаттардын жардамчыларын талкуулабай, улуттук коопсуздук маселесин талкуулашыбыз керек",- деп айтты депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы отурумунда кесиптештерине кайрылып. Депутат улуттук коопсуздук маселеси боюнча парламентте өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуш кылды. "Бишкекте милиция кызматкери менен теолог Кадыр Маликовго болгон кол салуу өлкөдөгү азыркы абалды дагы бир жолу көрсөтүп койду. Ошондуктан парламентке укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырып өкмөттүк күн өткөрүп, коопсуздукту талкуулашыбыз керек. Өкмөт кышка карата даярдык көрүп жүрсө, парламент депутаттардын жардамчыларын "калтырабыз, алабыз" деп бир айдан бери жүрөт. Алгач коопсуздукту карашыбыз керек",- деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан