Депутат Элмира Жумалиева эң зарыл делген медициналык жабдууларды сатып алууну келерки жылдын бюджетине киргизүүнү сунуш кылды. Мындай сунушту ал Онкологиялык, Кардиологиялык борборлордон, Урология госпиталынан келген каттардан улам көтөрүп жатканын бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат диагностика жасоо жана ооруларды дарылоо үчүн тиешелүү медициналык жабдуулардын жоктугунан канчалаган мекендештерибиз өмүрү менен кош айтышып жатканына Онкологиялык борбордон келген каттагы көрсөткүчтү мисалга тартты. Ага ылайык, 2013-жылы рак оорусуна чалдыккан 5126 жарандын 3000ге жакыны каза тапкан. Буга диагностикалык жабдуунун жоктугу себеп болгон.
“Элибиздин жеке секторлордогу жабдуулардан анализ алуу үчүн канчалаган каражаттары кетип жатат. Андыктан тиешелүү аппараттарды бюджеттин атайын каражаттар бөлүгүнө киргизбей эле, кайтарымдуу кылып, аппараттарга түшкөнү үчүн акча төлөп, ошол каражаттарды кайтарып төлөп берсе болот”,- дейт депутат.